18-декабрда баш калаа Бишкекте жаш активисттер абанын булганышына каршы жөө жүрүшкө чыгышты. «Шаарды тазалоого кеч эмес!», «Дем алгым келет!» деген плакаттарды көтөргөн ондогон улан-кыздар Темир жол вокзалынан Ала-Тоо аянтына чейин барышты.
Акцияны уюштуруучулар бийлик менен коомчулуктун назарын шаардагы абанын булганышына бурууга аракет кылып жатканын айтышты.
16-декабрда абанын булганышына байланыштуу маселе Жогорку Кеңеште өкмөт мүчөлөрү менен чогуу талкууланып, бир нече себептери аталган.
Негизги себептердин башында сапатсыз автоунаалардан чыккан уулуу заттар, шаардагы 47 жаңы конуштун көмүр менен жылытылышы жана Жылуулук электр борборунан чыккан түтүн турат.
«World Air Quality» индекси боюнча 18-декабрда Бишкекте абадагы уулуу заттардын өлчөмү 196 деп белгиленип, дүйнөдө биринчи орунга чыкты. Бишкектен кийин Дели, Сараево шаарлары тизмеге кирген. (BCh)
Пикирлерди көрүңүз (1)
дагы пикирлерди жүктөө