Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Июнь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:35

Уюшкан кылмыштуу топтун беш мүчөсү кармалды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет Бишкек жана Жалал-Абад шаарларындагы атайын операциядан кийин «Чач» деген каймана аты менен белгилүү Эрнис Мурзахмедовдун уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөсү деп шек саналган беш кишини кармады.

Алардын октябрь айында Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы атышууга тиешеси бар же жок экени иликтенүүдө.

Кармалгандардын үчөө боюнча Жалал-Абад облустук соту УКМКнын Оштогу убактылуу абак жайына эки айга камоо чечимин чыгарып, экөө Бишкектеги УКМКнын абак жайына жеткирилди.

8-октябрда Сузак районунда уюшкан кылмыштуу топтор арасында атышуу болгону кабарланган. Ал эми Эрнис Мурзахмедовду 20-ноябрда Чүй облусунда УКМК кармаган.

УКМКда жетекчи алмашкандан бери уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү кармалууда. Ошто жана Бишкекте криминалдык чөйрөнүн бир катар төбөлдөрү, эл аралык уюшкан кылмыштуу топко мүчө экени айтылган Камчы Көлбаев кармалган. (BCh)

XS
SM
MD
LG