Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Май, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:35

Пакистанда пуштун саясатчысы Али Вазирдин камалышына каршы нааразылык жыйындар өттү


Пакистандык саясатчы Али Вазир. 2018-жылдын 8-апрели.
Пакистандык саясатчы Али Вазир. 2018-жылдын 8-апрели.

Пакистандын түндүк-батышында жана башка аймактарында 18-декабрда пуштун элинин укуктарын коргоо үчүн өнөктүк уюштурган депутат жана саясатчы Али Вазирдин камалышына каршы ири нааразылык жыйындары өттү. “Паштун Тахафуз” кыймылынын жолбашчысы Манзур Паштин 17-декабрда кечкурун “Фейсбук” аркылуу обого түз чыккан видео кайрылуусунда калайыкты Али Вазирдин камакка алынышына каршы нааразылык билдирип, аны тез арада бошотууну талап кылуу үчүн көчөгө чыгууга үндөдү.

Пакистандын бийликтери Али Вазирге “мамлекетке каршы ишмердик жүргүздү” делген доо коюлгандыгын маалымдаган жана 16-декабрда Али Вазир Пешавар шаарында камакка алынган.

Али Вазир Карачи порт шаарында 6-декабрда өткөн “мыйзамсыз жыйын маалында мамлекетке каршы чакырыктарды айтты” деп айыпталууда.

“Паштун Тахафуз” кыймылынын жетекчилиги болсо бул доолорду четке кагып, Али Вазир катышкан бул нааразылык жыйын тек гана пуштундардын укуктарын коргоо максатында Баш мыйзамдын нугунда өткөрүлдү, деп билдирди.

Пакистанда болжол менен 35 миллиондой пуштун тегиндеги жаран бар, алардын көпчүлүгү Ооганстандын чек арасына жакын тоолуу аймактарда байырлашат.

Пакистандын кубаттуу аскер күчтөрү бул аймактарда пакистандык талиптерге жана башка террорчу жоочуларга каршы күрөш жүргүзүп, айрым учурларда калайыкка каршы ашыкча күч колдонгон тактикаларга барууда. “Паштун Тахафуз” кыймылы 2018-жылдан бери дал ушул ашыкча зомбулук ыкмаларды сынга алган жана он миңдеген кишилер катышкан нааразылык чараларын уюштуруп келет. (TT)

XS
SM
MD
LG