АКШнын шайланган президенти Жо Байден өзүнүн болочокку өкмөтүнүн айлана-чөйрөнү коргоо жана отун-кубат тармагындагы мүчөлөрүн тааныштырды жана алар климаттык өзгөрүү көйгөйлөрүн чечүүдө олуттуу шериктерден болоорун айтты.
19-декабрда Делавер штатынын Уилмингтон шаарында сүйлөп жатып, Жо Байден климаттык өзгөрүү жана айлана-чөйрөнү коргоо маселелерин чечүү өз өкмөтүнүн негизги милдеттерине жата тургандыгын баса белгиледи.
“Калайык, биз азыр кризиске кептелип турабыз. Азыр COVID-19 илдетине каршы кандайча бирдиктүү улут болуп чыгышыбыз зарыл болсо, климаттык өзгөрүүлөрдү чечүү үчүн дал ошондой эле ынтымактуу мамлекеттик жоопту камсыздоого тийишпиз”, – деди Байден.
Азыркы президент Доналд Трамп АКШны Париж климаттык келишиминен чыгарып салган болчу. Эми Байден өз өлкөсү бул эл аралык келишимге кайтып келет деп билдирди.
Климаттык өзгөрүүлөргө каршы туруу жана айлана-чөйрөнү коргоо багытындагы долбоорлор Байдендин экономикалык калыбына келтирүү планынын бир бөлүгү болуп калмакчы. (TT)