Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Декабрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 14:13

1993-жылдагы Конституцияга кайтууну сунуш кылган демилгелүү топ Юстиция министрлигине кайрылды


Кыргызстандын Конституциясы.
Кыргызстандын Конституциясы.

"Комитет 93" тобу Кыргызстандын 1993-жылдагы Конституциясына кайтуу боюнча референдум өткөрүү сунушу менен Юстиция министрлигине кайрылды.

Бул тууралуу аталган топтун басма сөз кызматы 22-декабрда билдирди. Маалыматка караганда, министрликке мыйзамдуу түрдө элдик демилге катары 1993-жылдагы Баш мыйзамга кайтууну референдумга чыгаруу жөнүндө арыз берилди.

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Максат Кунакунов башында турган демилгелүү топ легендарлуу парламент кабыл алган Конституцияга кайтууну буга чейин сунуш кылган. Топтун өкүлдөрү "1993-жылдагы Баш мыйзам жарандардын кызыкчылыктарына толук туура келет жана убагына ал конкреттүү адамдар же саясий топтордун басымы менен жазылган эмес, бийликтин бир дагы бутагына диктатура орнотууга жол бербейт" деп эсептешет.

Эми Юстиция министрлиги арыз түшкөндөн кийин 30 күн ичинде аны каттоо же четке кагуу боюнча чечим кабыл алышы керек.

«Комитет 93» тобу биринчи Конституцияга кайтуу боюнча кол чогултуп жатат.

Кыргызстанда Баш мыйзам кабыл алынгандан бери тогуз жолу өзгөртүлгөн.

Мурдагы президент Аскар Акаев 1993-жылы кабыл алынган Баш мыйзамды биринчи жолу 1994-жылы өзгөртүп, Кыргызстанда эки палаталуу Жогорку Кеңеш түзүлгөн. Президенттин ыйгарым укуктары кеңейтилген. Акаевдин тушунда Баш мыйзам андан кийин 1996-жылы, 1998-жылы, 2003-жылы да өзгөртүлдү. Алардын баары тең өлкө башчынын укугун кеңейтип берген.

2005-жылы бийликтен кулатылган Акаевден кийин президент болгон Курманбек Бакиевдин тушунда оппозициянын талабы менен 2006-жылы референдум болгон. Бир жыл өтүп-өтпөй Баш мыйзамды өзгөртүү боюнча кайра референдум жарыяланып, Бакиев өз бийлигин бекемдеген.

2010-жылы апрель окуяларында Бакиев чет өлкөгө качып кетип, ушул эле жылы парламенттик башкарууга багыт алган Конституция кабыл алынган. Анда Баш мыйзам «2020-жылга чейин өзгөртүлбөй» тургандыгы белгиленген.

Бирок мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин демилгеси менен Баш мыйзам акыркы жолу 2016-жылдын декабрь айында референдум аркылуу өзгөртүлгөн.

Бул ирет 2021-жылдын 10-январында мөөнөтүнөн мурдагы президенттик шайлоо менен кошо Конституцияны өзгөртүп, башкаруу тартибин аныктаган референдум өткөрүлө турган болууда. Тиешелүү мыйзам Жогорку Кеңеште 9-декабрда биринчи, 10-декабрда дароо экинчи жана үчүнчү окуудан шашылыш кабыл алынды.

Бир катар активисттер, саясатчылар, депутаттар документ мыйзамды одоно түрдө бузуу менен бардык окуудан өткөнүн айтып келатышат. (NT)

XS
SM
MD
LG