Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:56

Айлана-чөйрөнү коргоо жана экологиялык коопсуздук маселеси талкууланат


Бишкек шаары.
Бишкек шаары.

Бишкекте 23-декабрда экологиялык коопсуздукту камсыздоо жана айлана-чөйрөнү коргоо багытындагы мамлекеттик стратегиянын аткарылышы талкууга алынат.

Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой-чарба мамлекеттик агенттиги билдиргендей, талкууга тиешелүү мекемелердин өкүлдөрү, коомдук уюмдар, экологдор чакырылган.

Бишкекте акыркы убакта абанын булганышы башкы экологиялык маселеге айланды.

Жыл сайын айрыкча кыш мезгилинде абанын булганышы күчөп, башкалааны ыш каптайт.

Буга чейин экологдор Бишкекте абанын булганышы нормадан ашып кеткенин билдирип чыгышкан. Шаардын асманын кара-көк түтүн каптап турганы тартылган сүрөттөр Интернетте тынымсыз жарыяланып турат. Активисттер жана жашоочулар абанын булганышынан ар кандай илдеттер көбөйүп кеткенин да жазып жатышат.

«Movegreen» экологиялык кыймылынын баш калаадагы абанын сапатын текшерүүгө койгон жабдыктарынын 22-декабрдагы көрсөткүчүнө караганда, Бишкек кайрадан аба булганган дүйнөдөгү эң кооптуу шаарлардын алдыңкы катарына кирди.

Шаардын эл жыш жайгашкан аймактарында абанын булганышы чектен дээрлик жети эседей ашып кетти. (NT)

XS
SM
MD
LG