Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:34

2020-жылдын жыйынтыгын чыгарган видеоклипке Кыргызстандагы октябрь окуялары да кирди


Кыргызстандагы нааразылык акциялары. 14-октябрь, 2020-жыл.
Кыргызстандагы нааразылык акциялары. 14-октябрь, 2020-жыл.

Швейцариялык музыка ышкыбозу Си Рунун «2020-жылдын жыйынтыгы» аттуу видеоклибине Кыргызстандагы 5-6-октябрдагы толкундоолор да кирди.

Бул клип «YouTube» порталына жарыялангандан көп узабай 700 миң жолудан ашык көрүлдү. Музыкант ремикс стилиндеги музыканын коштоосунда быйылкы жылдагы маанилүү окуялардын видеолорун тизмектеген.

Төрт мүнөткө жакын убакыттын ичинде январдан декабрга чейинки дүйнөнү дүңгүрөткөн окуяларды көрсө болот.

Алгач Австралия токойлорундагы өрт, Ухандагы коронавирустун башталышы, андан соң карантиндик чаралардын дүйнөдөгү чагылдырылышы берилген. Андан соң Америкадагы «Black Lives Matter» аттуу акцияларга удаа Кыргызстандагы 5-6-октябрда Ала-Тоо аянтында болгон нааразылык акцияларын көрсө болот.

Бейруттагы жарылуу, белгилүү футболчу Марадонанын өлүмү, АКШ президенттигине Жо Байдендин шайланышы сыяктуу маанилүү окуялар да кошулган. (BCh)

XS
SM
MD
LG