Башкы прокуратура президенттикке талапкер Садыр Жапаровду Талас облусунда шайлоочулар менен өткөргөн жолугушууда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин күзөт кызматкерлери коштоп, «Садыр президент» деген үгүт кийимин кийип жүргөнү тууралуу социалдык медиаларда тараган маалыматтар такталбаганын билдирди.
Бул окуя боюнча «Фейсбук» баракчаларына чыккан сүрөттөр Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган.
Ошондой эле, Төрөхан Жунусбековдун «Facebook» баракчасына «Талас эли Садыр Жапаров менен… шайлоо 2021» деп жарыялаган текстин айрым соцтармактын колдонуучулары ««МеgaCom» мамлекеттик ишканасынын мүдүрүнүн кеңешчиси президенттикке талапкер Садыр Жапаровду колдоп, мыйзамсыз үгүт иштерине аралашып, мыйзамда көрсөтүлгөн мамлекеттик жарандык жана муниципалдык кызматчылар тарабынан үгүт иштерине катышууга тыюу салуучу нормаларды бузуп жатат» деп талкууга алышкан.
Башкы прокуратура бул боюнча да маалымат берип «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» мыйзамдын талаптары боюнча 30% көп мамлекеттик (муниципалдык) үлүшү бар ишканалардын кызматкерлери мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин катарына кирбегенин билдирди. (BCh)