Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Февраль, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:40

Жалал-Абадда Кадыржан Батыровдун бала бакчасы жергиликтүү бийликке өткөрүлдү


Жалал-Абаддагы Кадыржан Батыровго таандык бала бакча.
Жалал-Абаддагы Кадыржан Батыровго таандык бала бакча.

Жалал-Абад шаарындагы Кадыржан Батыровдун бала бакчасы талап-тонолуп, алты миллион сом зыянга учурагандан кийин өкмөттүн 30-ноябрдагы №582 токтому менен мэрияга өткөрүлдү. Кезегинде 200дөн ашык жеткинчек тарбияланган бала бакча мэрияга өткөнү менен аны көзөмөлдөп келген «Элдик» мамлекеттик ишканасы 2016-жылы «Нур-Билим ордосу» ЖЧКга 10 жылга ижарага берген.

«Ижарачылар болсо анын ичиндеги бир миллион сомдук буюм-тайымдарды чыгарып кеткен. Ал гана турсун эшик-терезелерге чейин жарактан чыгарып, 6 миллион сомдой зыян келтирген», - дейт «Элдик» мамлекеттик ишканасынын жетекчиси Алексей Апиев.

Бала бакчаны талап-тоноду деген «Нур-Билим ордосу» ЖЧКнын жетекчиси Каныбек Өскөнбаев өзүнө коюлган дооматтарга макул эмес. Ал «Элдик» ишканасы мүлктүн баарын чыгарып кетип, айыпты оодара салганын айтат.

Ал эми Жалал-Абад шаарынын мэри Эрнисбек Ормоков аталган бала бакча менен таанышып, келерки жылдан тартып аны пайдаланууга берилет деген пикирин билдирди:

«Анткен менен учурда ижарачылар менен келишимди жокко чыгаруу боюнча сот иши бүтө элек, андан сырткары имараттын ичиндеги жабдыктар да сындырылып, таланып-тонолгон. Биз бул боюнча аракет кылып, келерки жылы бакчаны ишке беребиз».

Бала бакчанын таланып-тонолушу боюнча УКМК ноябрь айында «Алдамчылык» беренеси менен сотко чейинки териштирүү башталып, учурда Жалал-Абад шаардык ички иштер бөлүмү тарабынан тергөө амалдары жүргүзүлүүдө. (TB)

XS
SM
MD
LG