Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:35

Өсмө менен ооруган аялдар Саламаттык сактоо министрлигинде пикетке чыгышты


Пикетке чыккан бейтаптар.
Пикетке чыккан бейтаптар.

25-декабрда Саламаттык сактоо министрлигинин имаратынын алдына онкологиялык оорулуу аялдар пикетке чыгышты.

Алар химия терапияны каржылоого байланыштуу маселе чечилбей жатканына нааразы. Чогулгандарды министрликтин кызматкерлери азырынча кабыл ала элек.

Өсмө (рак) менен ооруган аялдар 9-декабрда да министрликке чогулуп келишип, бюджеттен химиотерапия үчүн бөлүнө турган акчаны талап кылышкан эле.

Ал күнү бейтаптарды министр Алымкадыр Бейшеналиев кабыл алып, дары сатып алуу маселеси чечилерин айткан.

Өсмөгө каршы күрөшкөн «Эргене» коомдук фондунун өкүлү Тынара Касмалиева «Азаттыкка» министрлик аялдардын талабына көз жуумп жатканын айтты:

«Бизди азыр эч ким кабыл албай жатат. Министр чыгып да койбоду»

Кыргызстанда 27 миң адам залалдуу шишик менен каттоодо турат. Аялдарга коюлган диагноздордун басымдуу бөлүгүн эмчек жана жатын моюнчасынын шишиги түзөт. (BCh)

XS
SM
MD
LG