Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:46

Бажы кызматындагыларга аткезчилик боюнча кылмыш иши козголду


Мамлекеттик бажы кызматы.
Мамлекеттик бажы кызматы.

Финансы полициясынын Ош шаардык башкармалыгы Мамлекеттик бажы кызматынын Түштүк-Батыш бажысынын кызматкерлерине карата «Достук» бажы постунан товарларды аткезчилик менен алып өтүү, кызматынан кыянаттык менен пайдалануу фактылары боюнча кылмыш иши козголду.

Аныкталган фактылар Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки териштирүү башталды.

Азыркы тапта аткезчилердин кызыкчылыгын колдогон бажы кызматкерлеринин кылмышка катышы иликтенип, мамлекеттик бюджетке келтирилген зыяндын ордун толтуруу иштери жүрүп жатканын Финансы полициясынын басма сөз кызматы кабарлады. (BCh)

XS
SM
MD
LG