Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:13

27-декабрда 9 медициналык кызматкер коронавируска чалдыкты


Кызыл аймакта иштеп жаткан дарыгерлер. Кыргызстан. 15-июль, 2020-жыл.
Кызыл аймакта иштеп жаткан дарыгерлер. Кыргызстан. 15-июль, 2020-жыл.

Алардын ичинен Бишкекте – 2, Ош шаарында – 2, Баткен облусунда – 2, Чүй, Жалал-Абад, Ысык-Көл облустарында бирден дарыгер коронавирус оорусун жуктурганы аныкталды. Ошол эле учурда акыркы суткада бейтапканадан 8, үй карантининен 4 медициналык кызматкер айыгып чыгып, иш орундарына кайтышты.

Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен 4104 медициналык кызматкер катталган, алардын ичинен 3885 медкызматкер сакайды.

Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, 10-декабрга чейин коронавирус жуккан медицина кызматкерлеринин 608ине 200 миң сомдон кенемте төлөнүп берилди. Андан тышкары COVID-19 вирусун жумуштан жугузуп алып каза болгон медицина кызматкерлеринин арасынан 30унун үй-бүлөсүнө 1 миллион сомдон кенемте төлөндү. Дагы 148 саламаттык сактоо кызматкерине жана каза болгон эки медицина кызматкеринин үй-бүлөсүнө компенсация төлөш үчүн документтер даярдалып жатканы кабарланган. (ZKo)

XS
SM
MD
LG