Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:06

Орусия беткаптарды импорттоого тыюу салды


Москванын борборундагы турист. 29-январь, 2020-жыл.
Москванын борборундагы турист. 29-январь, 2020-жыл.

Орусия өкмөтү мамлекеттик сатып алууларда чет өлкөлүк беткаптарды импорттоого убактылуу тыюу салды. Бул чечим келерки жылдын аягына чейин күчүндө болот.

Өнөр жай жана соода министрлиги чет өлкөлөрдөн беткаптарды импорттоону тыюуну 2-ноябрда сунуштаган. Бул жергиликтүү тигүүчүлөрдү колдоо максатында деп түшүндүрүлгөн.

Быйыл жазында COVID-19 илдети күч алган учурда Орусиянын аймактарында беткап таңкыстыгы байкалган. Москвада жетишсиздик оору алгач башталган февралда эле катталган. Мунун шартында беткаптын баасы эселеп көтөрүлгөн. Ушундан улам орус өкмөтү өлкөдөн беткап жана бинттерди экспорттоого тыюу салган.

РБКнын маалыматына караганда бүгүнкү күнү жергиликтүү өндүрүшчүлөр суткасына 21 миллиондон ашуун беткап тигишүүдө.

XS
SM
MD
LG