Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:40

Пакистандын аскер тик учагы кыйрап, төрт киши набыт болду


Исламабаддын жанындагы кыйроого учураган аскердик учактын жанына барган тез жардам унаалары. 2020-жылдын 11-марты.
Исламабаддын жанындагы кыйроого учураган аскердик учактын жанына барган тез жардам унаалары. 2020-жылдын 11-марты.

27-декабрда Пакистандын Кытайга жакын бийик тоолуу чек ара аймагында аскердик тик учак кыйроого учурап, андагы төрт жоокер набыт болду.

Тик учак Гилгит-Балтистан аймагында мурдараак кар көчкүгө калып өлгөн жоокердин сөөгүн алып чыгуу аракетин жасап жатканда, “техникалык себептерден улам” кыйроого учураганы аскердик басма сөз өкүлү тарабынан маалымдалды.

Жыл башынан бери Пакистанда бир нече учак кырсыкка учураган.

Февралда Пенжаб вилайетинде аскердик машыгуу маалында “Мираж” учагы кыйраган. Март айында F-16 аскер учагы аскердик парадга камылга көрүү маалында Исламабаддын жанында кыйроого учурап, анын учкучу өлгөн. Апрелде Пенжаб вилайетиндеги аскер учагынын кыйрашынан улам эки учкуч каза болгон. (TT)

XS
SM
MD
LG