Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:13

COVID-19: Ооруканада жаткан 300дөн ашык бейтаптын абалы оор


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда коронавирус жугузуп алып ооруканаларда дарыланып жаткан 1265 кишинин 65инин абалы өтө оор.

346 бейтаптын абалы оор, 831и орто, 23 кишинин ден соолугу канааттандырарлык деп бааланууда.

Бул тууралуу Коронавируска каршы күрөш боюнча республикалык штаб 28-декабрда билдирди.

Маалыматка караганда, учурда вирус жугузуп алганы расмий аныкталган 1960 бейтап үй шартында дарыланып жатат.

Саламаттык сактоо министрлигинин жаңы эсеби боюнча Кыргызстанда коронавирус пандемиясы башталган март айынан бери андан көз жумгандар 1349 адамга жетти. Расмий эсепка караганда, ооруну 80 535 адам жугузуп, 75 057 киши айыгып чыкканы кабарланды.

Вирусту аныктаган тест тапшырбай, өз алдынча дарылангандарды кошкондо илдетке чалдыккандар мындан бир топ көп болушу мүмкүн экенин айрым дарыгерлер айтып келишет. (NT)

XS
SM
MD
LG