Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:28

Түркияда өзбек аялдарын жыныстык күңдүктө тутуп келген топ кармалды (тасма)


Кония шаары, Түркия. 2015-жылдын 3-майы.
Кония шаары, Түркия. 2015-жылдын 3-майы.

Жакында Түркиянын Кония шаарында сойкулук кылмышты уюштуруп жүргөн топ кармалды.

Түркиянын «Хуррийет»​ басылмасы 26-декабрда маалымдаганына караганда, кылмышка шектүүлөрдү эки жарым ай аңдып жүргөн соң, полиция бир нече дарек боюнча камоо жүргүзгөн.

Полиция аялдарды коркутуп-үркүтүп жыныстык күңдүктө кармады деген шек менен беш кишини камакка алды. Алар – түркиялык жарандар Тахир А. (40 жашта), Осман А. (40 жашта), Дениз У. (41 жашта), Режеп Ө. (29 жашта) жана Өзбекстандын жараны Шахноза И. (24 жашта).

Бул кылмыштуу топ 12 аялды (алардын 11и – өзбекстандык, бири – түркиялык) жыныстык күңдүктө кармап, сойкулук кылууга мажбурлап келгени жоромолдонууда.

Атайын коопсуздук амалдарынын жүрүшүндө эки тапанча, баңгизат табылганы айтылды.

Өзбекстандын жараны Шахноза И. боштондукка чыккан бул аялдарга жумуш таап берем деп убада кылып, алардын паспортторун тартып алып, андан соң аларды шериктери менен бирге сойкулук менен алектенүүгө мажбур кылган деп шек саналууда.

Учурда Кония шаарынын миграция жаатын тейлеген башкармалыгы Өзбекстандан келген аялдарды мекенине жөнөтүү маселелерин чечүү менен алектенип жатат.

Ал эми кармалган Тахир А., Осман А., Дениз У., Режеп Ө. жана Шахноза И. «сойкулукка чакыруу», «арачылык», «жыныстык зомбулук», «коркутуу», «баңгизат колдонуу» сыяктуу доолор боюнча сот жообуна тартылмакчы.

XS
SM
MD
LG