Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:18

Бишкекте мөөнөтү өтүп кеткен кондитердик азыктарды саткандар аныкталды


Кампадан табылган мөөнөтү өтүп кеткен кондитердик азыктар.
Кампадан табылган мөөнөтү өтүп кеткен кондитердик азыктар.

Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызмат (Финансы полициясы) «Не сахар» долбоору менен бирге Бишкекте сапатсыз жана мөөнөтү өтүп кеткен өндүрүмдү сатуу фактысын аныктады.

Мекеме тараткан маалыматка караганда, «ТТТ Компани» ишканасы Садыгалиев көчөсүндөгү кампада мөөнөтү өтүп кеткен кондитердик азыктарды (конфеттер, печенье жана ар кандай таттуулар) ири өлчөмдө сактап, аларды саткан.

Компаниянын кызматкерлери таттуулардын жарактуулук мөөнөтүн жана чыгарылган күнүн өзгөртүшкөнү белгилүү болду.

Кампадан кондитердик азыктардын чыгарылган күнүн жабыштырган, өндүрүмдүн курамы кыргыз тилине которулгон чаптамаларды басып чыгарган аппараттар табылып, алынды.

Мөөнөтү өткөн өндүрүм менен аныкталган кампага мөөр басылып, факт боюнча тергөө иштери жүрүп жатат. (BTo)

XS
SM
MD
LG