Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:21

Өгөй атасы урган баланын иши сотко өттү


Өгөй атасынан кордук көргөн баланын бети жашырылган сүрөтү.
Өгөй атасынан кордук көргөн баланын бети жашырылган сүрөтү.

Өгөй атасы сабаган баланын иши Сокулук райондук сотуна өткөрүлдү. Бул тууралуу баланын адвокаты Шердор Абдыкапаров маалымдады. Анын айтымында, азырынча сот отурумунун күнү белгилене элек.

Мурдараак Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги Сокулук районунда өгөй атасынын зомбулугуна учураган балага байланыштуу териштирүү иштери уланып жатканын кабарлаган. Министрликтин маалыматына ылайык, азыркы тапта бала Ат-Башы районунда таенесинин багуусунда. Райондук администрация баланы жеке коргоо планына ылайык бала бакчага жайгаштырып, андан ары мектепке даярданышына жардам берери маалымдалган. Баланын кызыкчылыгын сотто жана башка органдарда Ат-Башы райондук социалдык өнүктүрүү жана эмгек башкармалыгы коргомой болгон.

17-ноябрда Сокулук районунун 25 жаштагы тургуну алты жаштагы уулун күйөөсү сабаганы тууралуу арыз менен милицияга кайрылган. Окуя Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине Кыргыз Республикасынын Жоруктар жөнүндө кодексинин 75-беренеси («Үй-бүлөдөгү зомбулук») боюнча катталып, чогултулган материал Сокулук райондук милициясына жиберилген. Кылмышка шектүү Сокулук райондук ички иштер бөлүмүнө жеткирилгени, сотко чейинки териштирүү иштери ИИМдин жана Чүй облустук милициясынын жетекчилиги тарабынан көзөмөлгө алынганы кабарланган.

22-ноябрда социалдык тармактарда көзү, бети кан жалаган баланын ооруканада жаткан сүрөтү тараган. Интернет колдонуучулар баланы өгөй атасы урганын, энеси уулун алып качып чыкканын жазышкан.

Сабалган баланын апасынын юристи Шердор Абдыкапаров 23-ноябрда сабалган баланын апасы күйөөсүнө доосу жок экенин, милицияга тосмо арыз жазганын билдирген.

Ишти Башкы прокуратура өз көзөмөлүнө алган. (ZKo)

XS
SM
MD
LG