Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:05

Кытайда гонконгдук он активист соттолду


Полиция демонстранттарды кармап кетүүдө. 1-июль, 2020-жыл. Сүрөттүн окуяга тиешеси жок.
Полиция демонстранттарды кармап кетүүдө. 1-июль, 2020-жыл. Сүрөттүн окуяга тиешеси жок.

Кытайдын соту Тайванга качууга аракет кылган гонконгдук он активистти жети айдан үч жылга чейин түрмөгө кести.

Быйыл августта гонконгдук 12 активист моторлуу кайык менен Тайванга баратканда кармалган. Аларга карата «Чек арадан мыйзамсыз өтүү» беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө башталганы эл аралык коомчулуктун көңүлүн буруп, сын-пикирлерге кабылган.

АКШнын бийлиги активисттерди тезинен бошотууга чакырган. Ал эми Евробиримдик гонконгдуктарга карата калыс соттук жараян өтөрүнөн күмөн санаган.

Бул иш боюнча сот 28-декабрда башталып, ага чет өлкөлүк дипломаттар жана журналисттер киргизилген жок. Кытайдагы Янтянь районунун соту 30-декабрда айыпталган эки адамды эки жана үч жылга кести. Дагы сегиз адам жети айга соттолду. Жашы жете элек эки өспүрүмдүн иши Гонконгдун полициясына өткөрүлүп берилди. Кытайдын бийлиги активисттер күнөөнү моюнга алганын жарыялады.

Ал эми айыпталуучулардын жакындары адвокат тандоого мүмкүнчүлүк берилбегенин айтып, ишти саясий куугунтук катары баалашкан.

Кытай бийлигинин гонконгдук активисттерге карата куугунтугу бир канча убакыттан бери эл аралык коомчулуктун көңүл борборунда болуп келет.

Ушул жайда Гонконгдун улуттук коопсуздугуна байланыштуу жаңы мыйзам кабыл алынган жана аны Кытай аймактагы жикчилдикке, терроризмге, козголоңго, чет элдик кийлигишүүгө каршы деп чечмелеген. Мындай саясат Гонконгдо эркиндикти жана укуктарды чектөө катары кабыл алынып, нааразылык жараткан.

XS
SM
MD
LG