Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:49

КТРКнын башкы директорлугуна ат салышуудан эки талапкер баш тартты


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Коомдук телеканалдын жетекчилигине ат салышып жаткан 15 талапкердин экөө сынакка катышуудан баш тартты. Алар - Кадыр Кошалиев жана Дүйшөналы Мамбетөмүров. Бул тууралуу «Азаттыкка» КТРКнын Байкоочу кеңешинин мүчөсү Азамат Болгомбаев билдирди.

Бүгүн, 30-декабрда Байкоочу кеңеш КТРКнын башкы директорун шайлап жатат. Түшкө чейин беш талапкер программасын тааныштырды. Талапкерлердин баары тааныштырып бүткөн соң, добуш берилет.

«Кайсы талапкер көп добуш алса, ал башкы директор болуп шайланат. Эгер эч бир талапкер онго чейин добуш албаса, эң көп добуш алган экөө экинчи айлампага чыгат», - деди Азамат Болгомбаев.

Октябрь окуяларынан кийин КТРКнын башкы директору Жайнак Үсөн уулу кызматтан өз эрки менен кеткенин билдирип, арыз жазган. Анын ордуна бир топ талаш-тартыштан соң, башкы директордун милдетин убактылуу аткаруучу болуп Бахтияр Алиев Байкоочу кеңеш тарабынан бекитилген.

КТРКнын Байкоочу кеңеши мекеменин директорлук кызматына 29-октябрда ачык сынак жарыялаган. Ага 15 адам талапкерлигин көрсөткөн. Бирок көп өтпөй телеканалдын мурдагы директору Жайнак Үсөн уулу өзүнүн кызматтан кеткенин жокко чыгарып берүүнү өтүнүп, сотко кайрылганына байланыштуу Байкоочу кеңеш сынакты белгисиз мөөнөткө жылдырган.

КТРКнын 15 кишиден турган Байкоочу кеңешинин ушу тапта 14 мүчөсү бар. Алардын бешөөнү президент, бешөөнү парламент жана калгандарын жарандык коом уюмдары сунуш кылган талапкерлердин арасынан тандалып келген. (ZKo)

XS
SM
MD
LG