Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Январь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:34

COVID-19 бир күндө дагы 191 кишиден табылды


Коронавируска байланыштуу дене табын текшерүү учуру. Бишкек шаары, 2020-жыл.
Коронавируска байланыштуу дене табын текшерүү учуру. Бишкек шаары, 2020-жыл.

COVID-19га каршы күрөш боюнча республикалык штабдын 31-декабрдагы маалыматына караганда, соңку бир сутка ичинде вирус Бишкекте дагы бир кишинин өмүрүн алды.

Бир күндө вирус дагы 191 кишиден жаңы аныкталды.

Марттан бери илдет жугузуп алгандардын расмий эсеби 81034 адамды түздү. Анын 75 918и сакайганы айтылды. Бир күндө 294 адам ооруканалардан айыгып чыкты.

Кыргызстанда пневмонияны козгой турган коронавирус аныкталган март айынан бери илдеттен кайтыш болгондордун саны Саламаттык сактоо министрлигинин жаңы эсеби боюнча 1355 кишиге жетти.

18-августка чейин вирустан жалпысынан 1498 кишинин өмүрү кыйылганы расмий айтылган. Бийлик каза болгондордун статистикасы кайра каралып чыкканын, 437 кишинин өлүмүнө башка оорулар себеп болгонун, сегиз учур эки жолу катталып калганын жарыялаган.

Статистика боюнча учурда вируска чалдыккан 1093 бейтап стационарда, 1756 киши үй шартында дарыланууда. (NT)

XS
SM
MD
LG