Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Март, 2026-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 05:27

Тойдогу жапырт уулануунун себеби иликтенүүдө

Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Чүй облусунун Сокулук районунда өткөн тойдогу жапырт уулануунун себебин иликтөө уланууда.

Облустук санитардык-эпидемиологиялык станциянын башкы дарыгери Улугбек Бектурганов «Азаттыкка» анализдердин жыйынтыгы жакын арада чыгышы мүмкүн экенин билдирди. Анын айтымында, азыр уулануу белгилери менен ондон ашык киши бейтапканаларда жатат. Калганы үйдө дарыланууда.

24-декабрда Сокулуктагы «Оазис» кафесиндеги үлпөт тойго катышкан 230 кишинин 70ке жакыны тамак-аштан ууланган. Үлпөткө Нарын, Токмок, Бишкек жана башка аймактардан коноктор барган.

Той ээлери тамак-аш, азык-түлүктүн баарын кафенин администрациясы сатып алып даярдаганын билдирип жатат.

Тойго келгендер тоок этинен ууланган деген божомол бар. Көбү тоок этинен даярдалган тамакты үйүнө алып баргандыктан, аны жеген үй-бүлө мүчөлөрүнүн арасында уулануу белгилери менен бейтапканаларга кайрылгандар катталган.

Кафенин администрациясы тамак-аштын баары жаңы сатып алынганын жана ууланууга эмне себеп болгону түшүнүксүз экенин айткан. (NT)

XS
SM
MD
LG