Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:27

Британ премьеринин атасы Франциянын жарандыгын алгысы келээрин билдирди


Стэнли Жонсон Кыргызстандын элчилигинин Лондондогу иш-чарасында. 25-февраль, 2020-жыл. Сүрөт элчиликке таандык.
Стэнли Жонсон Кыргызстандын элчилигинин Лондондогу иш-чарасында. 25-февраль, 2020-жыл. Сүрөт элчиликке таандык.

Британиянын премьер-министри Борис Жонсондун атасы Стенли Жонсон өз өлкөсү Евробиримдиктен биротоло чыккан соң Франциянын жарандыгын алууну каалайт. Бул тууралуу ал RTL радиосундагы маегинде билдирген. Ал француз жарандыгын алуу Европа менен тыгыз байланышын үзбөөгө жардам берерин билдирди. Жонсон француз тилинде маектешип жатып :

«Мен үчүн французмунбу деген суроо маанилүү эмес. Эгер туура түшүнсөм, мен - французмун. Менин энем Францияда төрөлгөн, анын апасы француз улутунда болгон», - деп билдирген.

80 жаштагы Стэнли Жонсон Британиядагы Консервативдик партиянын жигердүү мүчөлөрүнүн бири болчу. Ал 1979-1984-жылдары бул партиянын атынан Европа парламентинде мүчө болгон.

Стэнли Жонсондун атасынын ысымы - Осман Кемал. Ал кийин Уилфред Жонсон (Wilfred Johnson)ысымын алган. Стэнлинин таянеси - Мэри Луиз де Пфеффел (Marie Louise de Pfeffel) болгон.

Анын уулу Борис Жонсон Консервативдик партиянын төрагасы катары Британиянын Евробиримдиктен чыгышын жактап келген. Кенже Жонсон өкмөттү жетектеп турган учурда Евробиримдиктен Британия толугу менен чыгып, 2021-жылдын 1-январынан тартып эки тарап ортосундагы жаңы соода келишими иштей баштады.

Ал эми Стэнли Жонсон болсо өл өлкөсүнүн Евробиримдиктен чыгышын колдогон эмес, 2016-жылдагы референдумда бул демилгеге каршы добуш бергенин айткан.

XS
SM
MD
LG