Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Февраль, 2021 бейшемби, Бишкек убактысы 09:18

АКШнын 11 республикачы сенатору Байдендин жеңишине каршы такаат кылмакчы


АКШ президенти Доналд Трамп жубайы Мелания менен учакка кирүүдө. Флорида. 2020-жылдын 31-декабры.

АКШ Сенатындагы республикачылар партиясынын он өкүлү жана сенатордукка жаңы шайланган техастык Тед Круз келээрки аптада АКШ Конгрессинде Шайлоочулар коллегиясынын жыйынтыгы баяндалып жаткан чакта Жо Байдендин шайлоодогу жеңишине каршы пикир билдирүүгө камынып жатышканын айтышты.

Бул тууралуу 2-январда Сенаттагы 11 республикачы сенатор билдирүү жарыялашты. Алар 2020-жылдын 3-ноябрындагы шайлоо ушунчалык чоң көлөмдөгү добуш бурмалоолор менен өттү деп билдиришти, бирок бул доо үчүн олуттуу далил көрсөтө алышкан жок.

АКШ Конгрессинин 6-январдагы биргелешкен отуруму маалында бул топ Конгресстен атайын комиссия түзүүнү, жана бул комиссиянын он күн аралыгында шайлоо жыйынтыгын кайра карап чыгуусун талап кылууга ниеттенип жатышканын айтышты.

Арийне, башкалар Шайлоочулар коллегиясынын Конгресске баяндамасы символдук гана мүнөзгө ээ, ал эми шайлоо жыйынтыгын четке кагууну каалагандардын далаалаты майнапсыз болоору алдын ала айкын деп билишет.

Президенттик мөөнөтү аяктап бара жаткан республикачы Доналд Трамп азыркыга чейин шайлоо жыйынтыгын тааныбай тургандыгын айтып, жүйөөгө негизденбеген доолорун улам кайталап жарыялап келет. Бирок 20-январда Жо Байдендин президенттик кызматка киришине каршы олуттуу бөгөт жаралбай тургандыгы эмитеден эле айдан ачык экендиги айтылууда. (TT)

Пикирлерди көрүңүз (2)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG