Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:24

Сауд Арабиясы Катар менен чек арасын кайрадан ачты


Катар улуттук китепканасы, Доха шаары.
Катар улуттук китепканасы, Доха шаары.

Дүйшөмбү күнү (4-январда) кечкурун Сауд Арабиясы өзүнүн Катар менен кургактыктагы, аба мейкиндигиндеги жана суудагы чек арасын кайрадан ачты. 2017-жылдан бери, б.а. үч жылдан ашуун убакыт коңшу өлкөлөрдүн чек арасы жабык бойдон келген.

Эки өлкөгө арачылык кылган Кувейттин тышкы иштер министри бул тууралуу расмий маалымдады. 5-январда Катардын эмири Сауд Арабиясынын ал-Ула шаарында өткөрүлүп жаткан Булуңдагы арап өлкөлөрүнүн жана Египеттин саммитине катыша тургандыгы да кабардалды.

Монтаж сүрөттө: Саудиянын канзаадасы Мухаммед бин Салман (солдо), АКШнын президентинин кеңешчиси Жаред Кушнер жана Катардын эмири шейх Тамим бин Хамад Аал-Тани.
Монтаж сүрөттө: Саудиянын канзаадасы Мухаммед бин Салман (солдо), АКШнын президентинин кеңешчиси Жаред Кушнер жана Катардын эмири шейх Тамим бин Хамад Аал-Тани.

Катар эмири Тамим бин Хамад Аал-Тани (Tamim bin Hamad Al Thani) бул саммитке катыша тургандыгын тастыктаганын «​ал-Жазира»​ медиа компаниясы 4-январда билдирди.

Булуң Кызматташтыгы Кеңешинин саммитинде Сауд Арабиясы, Бириккен Араб Эмираттары, Бахрейн жана Египет кайрадан Катар менен мамилелерди жакшыртуу тууралуу келишимге кол койгону жатышат. Бул расмий жөрөлгөгө саудиялык падыша Салман ибн Абдул-Азиз ас-Сауд өзү, ошондой эле АКШнын президенти Дональд Трамптын кеңешчиси жана күйөө баласы Жаред Кушнер баш болгон америкалык мартабалуу өкүлдөр да катышмакчы.

Төрт араб өлкөсү (Сауд Арабиясы, Египет, Бириккен Араб Эмираттары жана Бахрейн) 2017-жылы Катарды «террорчулукту колдоп жатат жана Ирандын таламын талашууда» деп айыпташкан жана аны менен дипломатиялык алакаларын үзүп салышкан. Алар Катарга 13 талап коюшкан. (Арасында «аль-Жазира» каналын жабуу талабы да бар болчу). Катар бул талаптарды четке каккан жана аларга каршы сотко кайрылган соң, анын каршылаштары бул өлкө менен дипломатиялык мамилелерин убактылуу тоңдуруп салышкан болчу.

Кувейт менен АКШ болсо өз ара тирешкен тараптарды элдештирүүгө далалат кылып келген. Эми Катар да шейшембиде кайра элдешип жаткан шериктери менен соттошуудан баш тартты. (TT)

XS
SM
MD
LG