Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:22

Токтогул суу сактагычында 12 млрд. куб метр суу бар


Токтогул ГЭСи. Иллюстрациялык сүрөт.
Токтогул ГЭСи. Иллюстрациялык сүрөт.

5-январга карата өлкөнүн башкы суу чөйчөгүндө 12 млрд. 44 млн. куб метр суу бар. «Электр станциялары» мамлекеттик ишканасынын маалыматына караганда, бул бир жыл мурунку көрсөткүчтөн дээрлик 3 млрд. куб метрге аз.

Маалымдалгандай, 5-январда суу сактагычка агып кирген суунун көлөмү секундасына 153 куб метр болсо, андан агып чыккан суунун көлөмү секундасына 813 куб метр болуп жатат.

Кыргызстанда декабрь айында электр энергиясы мурдагы жылдарга караганда кыйла көп сарпталганын 4-январь күнү «Улуттук электр тармактары» ишканасы кабарлаган. Ага ылайык, 2020-жылдын акыркы айында кыргызстандыктар 2 млрд. кВт сааттан ашуун электр энергиясын сарпташкан.

Токтогул суу сактагычындагы суунун аздыгына байланыштуу кыргыз өкмөтү быйылкы күз-кыш айларында Казакстандан кошумча электр энергиясын сатып алууда. Ошондой эле өкмөт элге кайрылып, электр энергиясын жылуулук үчүн эмес, жарык үчүн гана пайдаланууга чакырган. (ZKo)

XS
SM
MD
LG