Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Октябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 07:27

Орусияда жол эрежесин бузган чет элдик айдоочулардын көбүн борборазиялыктар түзөт


Орусияда жол кырсыгына кабылган чет өлкөлүктөрдүн көпчүлүгүн борборазиялык жарандар түзөт. Бул тууралуу милициянын расмий маалыматында айтылат.

Андагы маалыматка караганда, өткөн жылдын тогуз айында Орусияда 150 миңден ашуун жол кырсыгы катталган. Анын ичинен 3.5 миңдейи чет өлкөлүк айдоочулардын күнөөсүнөн улам болгон. Ал эми анын эки миңдейи борборазиялык айдоочуларга туура келет.

Орусияда жол эрежесин бузган айдоочулар арасында өзбекстандыктар биринчи орунда турса, экинчи орунда кыргызстандыктар экени белгилүү болгон. Мындан кийин тажик айдоочулары турат.

Айдоочулардын укугун коргогон кыймылдын эсеби боюнча, жол кырсыгына кабылган борборазиялык айдоочулардын көпчүлүгү такси айдагандар.

XS
SM
MD
LG