Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:25

Куудул Рахман Разыков «Үч пахан» аттуу интермедиядан кийин УКМКга чакырылганын билдирди


Абдылда Иманкулов жана Рахман Разыков.
Абдылда Иманкулов жана Рахман Разыков.

Кыргызстандык куудулдар Рахман Разыков жана Абдылда Иманкулов «Оңолмок элек биз качан, ортодо турса үч пахан?» деп аталган тамаша концертинен кийин УКМКнын Ош шаардык башкармалыгына чакырылды.

Бул тууралуу Рахман Разыков «Азаттыкка» билдирди.

Маалыматка караганда, УКМК куудулдарды концерт өткөн күндүн эртеси чакырып, «Үч пахан» деп аталган интермедияны сценарийден алып салууну талап кылган.

Концерт Ош шаарындагы Бабур театрында 1-январдан 5-январга чейин өткөн. Атайын кызматка куудулдар менен кошо Бабур театрынын директору да чакырылганы маалым болду.

Куудулдар Рахман Разыков, Абдылда Иманкулов жана Нарынбек Молдобаев аткарган «Үч пахан» аттуу интермедияда Кыргызстандагы алдыдагы президенттик шайлоо тамашага салынган. Анда абакта отурган үч кишинин президенттик кызматка ким татыктуу экени тууралуу талашып-тартышканы чагылдырылат.

Рахман Разыков учурда бул концерттик программа менен Жалал-Абадда жүргөнүн айтты.

Куудулдардын эмне себептен чакырылганы тууралуу УКМК комментарий бере элек.

Буга чейин таанымал куудулдар Рахман Разыков менен Абдылда Иманкулов Ош шаарында өтүүчү «Оңолмок элек биз качан, ордодо турса үч пахан?» аттуу концертинин жарнамасын ОшТВ телеканалы эфирден бербей койгонун айтып чыгышкан. Муну «саясий кысым» катары баалашкан.

Телеканалдын жетекчилиги концерттин темасында «"пахан" деген сөз болгону үчүн эфирге бере албайбыз» деп түшүндүргөнүн билдиришкен.

ОшТВ телеканалынын жетекчилиги куудулдардын айткандарын четке кагып, алардын ортосунда концерттин темасы жөнүндө сөз болбогонун маалымдаган. (NT/DU)

XS
SM
MD
LG