Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:17

Куудулдар Жалал-Абаддагы концертине тыюу салынганын айтып чыгышты


Куудул Рахман Разыков.
Куудул Рахман Разыков.

Куудулдар Рахман Разыковдун, Абдылда Иманкуловдун жана Нарынбек Молдобаевдин Жалал-Абаддагы 6-7-январга белгиленген «Оңолмок элек биз качан, ортодо турса үч пахан» аттуу концерти болбой калды.

Бул тууралуу концерттин уюштуруучусу Жумабек Абдылдаев «Азаттыкка» билдирди. Анын айтымында, Коронавируска каршы күрөш боюнча облустук штаб өзгөчө кырдаалды жүйө келтирип, шаардагы Барпы театрында боло турган концертти токтоткон.

Уюштуруучунун айтымында, театрда тыюу салынгандыктан көрүүчүлөр Жалал-Абаддагы ресторандардын бирине топтолгон. Бирок ал жайдын жетекчилиги концертти өткөрүүгө макулдук берген эмес. Куудулдар жана уюштуруучулар муну концерттин программасына байланыштуу атайылап бут тосуу катары баалап жатышат.

«Ресторандын ээси алгач макул болуп жаткан. Кийин баш тартып койду. Жалал-Абадда башка иш-чаралар өтүп эле атат. Бүгүн тойканаларда тойлор болуп эле атат, эл кадимкидей эле топтолуп жүрөт», - деди Жумабек Абдылдаев.

Жалал-Абаддын бийлиги куудулдардын айткандары тууралуу комментарий бере элек.

Куудул Рахман Разыков буга чейин Ош шаарында концерт өткөргөндөн кийин УКМК суракка чакырганын айткан.

Атайын кызмат «Үч пахан» деп аталган интермедияны сценарийден алып салууну талап кылган.

29-декабрь күнү куудулдар ушул эле концерттин жарнамасын ОшТВ телеканалы эфирден бербей койгонун айтып чыгышкан. Муну «саясий кысым» катары баалашкан.

Телеканалдын жетекчилиги куудулдардын айткандарын четке кагып, келишим түзүлбөгөндүктөн жарнама эфирден кетпей калганын билдирген. (DU)

XS
SM
MD
LG