Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:49

Тышкы карызды төлөш үчүн ачылган эсепке 1 миллиондон ашуун сом түштү


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Финансы министрлигинде тышкы карызды төлөш үчүн ачылган атайын эсепке 1 млн. 29 миң сом акча түштү. Анын ичинен 1 млн. 22 миң сому жарандардан, 27 миң сому ишканалардан келип түшкөн. Министрликтин басма сөз кызматы кабарлагандай, 31-декабрь күнү 1 млн. сомду Адылбек Асанов аттуу жаран которгон.

Кыргызстандын тышкы карызын төлөш үчүн элден акча чогултуу максатында Финансы министрлигинин карамагында атайын депозиттик эсеп ачылган.

Кыргыз өкмөтү эми республикалык бюджетти колдош үчүн депозиттик эсеп ачууну көздөп жатат. Тийиштүү токтомдун долбоору 6-январда коомдук талкууга коюлду. Өкмөттүн расмий сайтындагы маалыматка караганда, эсепти Финансы министрлиги Бирдиктүү казыналык эсептин алкагында ачат.

2021-жылдын 1-январына карата Кыргызстандын тышкы карызы 4 млрд. 180 млн. доллар. Мамлекеттин жалпы карызы 4 млрд. 827 млн. долларга жетти. (ZKo)

XS
SM
MD
LG