Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 20:16

Президенттик шайлоонун үгүт иштери 9-январда эртең менен саат сегизде токтотулат


Коллаж. Кыргызстандын туусу жана Президенттик аппарат менен Жогорку Кеңештин имараты.
Коллаж. Кыргызстандын туусу жана Президенттик аппарат менен Жогорку Кеңештин имараты.

Кыргызстанда мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоого ат салышып жаткан талапкерлер 9-январда эртең менен саат 8:00дөн тартып үгүт иштерин токтотууга тийиш. Ошол учурдан тартып шайлоонун жүрүшүндөгү «жымжыртык күнү» башталат. Ал күнү үгүт жүргүзгөндөр мыйзам бузду деп табыларын Борбордук шайлоо комиссиясынын укук бөлүмү «Азаттыкка» билдирди.

«Жымжырттык күнүндө» эл аралап үгүт жүргүзүүгө, маалымат каражаттары аркылуу жарнамаларды жарыялоого тыюу салынат. Бирок буга чейин көчөлөргө илинген көрнөк-жарнактар кала берет. Аларды алып салуу жөнүндө талап жок.

Кыргызстанда кезексиз президенттик шайлоо жана мамлекетти башкаруу формасын тандоо боюнча референдум 10-январда өтөт. Үгүт өнөктүгү 15-декабрда башталган. Президенттик жарышка адегенде 18 талапкер чыккан, анын бири талапкерлигин алып салып 17 талапкер калган. (SE)

XS
SM
MD
LG