Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 12:35

Алматынын мурдагы мэри Храпунов Швейцариядан баш калка тапты


Швейцариянын административдик соту Алматынын экс-мэри Виктор Храпунов.
Швейцариянын административдик соту Алматынын экс-мэри Виктор Храпунов.

Швейцариянын административдик соту Алматынын экс-мэри, Казакстандын мурдагы энергетика министри Виктор Храпунов менен анын аялы Лейла Храпуновага баш калка берди.

Бозгунда жүргөн казакстандык мурдагы банкир, оппозициялык саясатчы Мухтар Аблязовдун кудасы Храпунов 2007-жылдан бери үй-бүлөсү менен Швейцарияда жашайт.

Үч жыл мурда Алматы соту Виктор Храпунов менен анын аялы Лейланы пара алган, акча кымырган жана уюшкан кылмыштуу топторду жетектеген деген кинелер менен айыптап, 17 жана 14 жылга эркинен ажыраткан.

Храпунов коюлган айыптардын бардыгын четке кагып, анын «саясий мүдөөсү» бар экенин айтып келет.

Лейла Храпунова «Фейсбуктагы» баракчасына сот «Казакстандын мурдагы президентине каршы оппозициячыл ишмердүүлүгүн таануу менен өкүм чыгарганын» билдирди.

XS
SM
MD
LG