Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Февраль, 2021 жекшемби, Бишкек убактысы 20:13

БШК: үгүт учурундагы мыйзам бузуу үчүн 55, 5 миң сомдук жаза айып салынды


Президенттик шайлоо жана мамлекеттик башкаруу формасын аныктоочу референдум өнөктүгү учурунда мыйзам бузуу үчүн 10 адамга жалпы суммасы 55 500 сомдук жаза айып салынган.

Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) басма сөз кызматы маалымдады.

Шайлоо мыйзамдарын бузган 10 адамдын ичинде президенттикке айрым талапкерлер, талапкерлердин штаб башчылары, үгүтчүлөрү жана башкалар бар. Жаза айып салынгандардын басымдуу бөлүгү үгүт иштерин мыйзамсыз жүргүзгөнү үчүн айыпталган. Мындан тышкары үгүт иштерине жашы жете элек балдарды тартканы үчүн да бир талапкердин аймактагы шайлоо штабынын башчысына жаза айып салынды.

Талапкерлерге шайлоого катышуучуларга тең катышууга мүмкүнчүлүк бербегени үчүн Коомдук телеканалдын башкы директору Бахтияр Алиевге карата Кодекстин 42-беренеси («Шайлоо процессинин катышуучуларынын укуктарын бузуу») боюнча иш каралып, 5500 сом өлчөмүндө айып пул салынды.

Кыргызстандын президентин мөөнөтүнөн мурда шайлоо 10-январда болот. Шайлоо менен кошо Кыргызстандын мамлекеттик башкаруу формасын аныктоочу референдум да болот. Референдумда мамлекеттик башкаруунун: президенттик, парламенттик түрлөрү, ошондой эле бардыгына каршы түрү жарандардын тандоосуна коюлат.

Президенттик шайлоого 17 талапкер ат салышууда. Шайлоого жана референдумга үгүт иштери 15-декабрда башталган. 9-январда токтойт. (ZKo)

Пикирлерди көрүңүз (2)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG