Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:25

Казакстанда байкоочуларга талап күчөдү


Казак туусу.
Казак туусу.

Казакстанда шайлоо күнү жакындаган сайын эркин байкоочуларга жаңы талаптар коюлууда. Эми байкоочулар ПЧР тестинин жыйынтыгы болмоюнча өлкөнүн башка аймактарына бара албайт.

4-январда Казакстандын Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) 10-январда өтө турган парламенттик шайлоого чет өлкөлүк 400гө жакын көз каранды эмес байкоочу аккредитациядан өткөнүн кабарлады. Алардын дээрлик көпчүлүгү эл аралык уюмдардын өкүлдөрү болгон.

Бейшембиде Алматынын башкы санитардык дарыгери Жандарбек Бекшин шаарда акысыз тестирлөөнүн жыйынтыгында 13 байкоочу жана шайлоо комиссиясынын мүчөсүндө коронавирус тести оң чыкканын билдирди:

«Алар жумуштан убактылуу четтетилди. Эгерде алар шайлоо комиссиянын кызматкерлери болсо, анда алардын ордуна запастагы мүчөлөр келишет. Ошондой эле байкоочулар тизмедеги башка көз каранды эмес байкоочулар менен алмаштырылат».

Анткен менен жергиликтүү байкоочулар ПЧР тести боюнча айрым тоскоолдуктарга туш болгонун айтып чыгышты. Казакстандык байкоочулар эми коронавирус эпидемиясы күч алып турган аймактарга барыш үчүн ПЧР тестин тапшырууга милдеттүү.

«Мукалмас» коомдук уюмунун жетекчиси Акайдар Ысымулы бир канча күндөн бери ооруканаларда тест берүүнүн амалын издеп жүргөнүн айтты:

«Биз байкоочуларды Алматы шаарынын тогуз ооруканасына бөлүп койгонун кеч угуп калдык. Ооруканаларга тест тапшырганы барсак, «силер тизмеде жоксуңар» деп кыйынчылык туудуруп жатышат. Нур-Султан шаарында 70тен ашык көз каранды эмес байкоочунун тизмеси бар. Ошолордун бирөө гана кечээ тест тапшырыптыр деп уктук».

Ушундай эле жагдайга «Q-adam» фондунун өкүлдөрү туш болгон. Бул фонд Казакстандагы шайлоо алдында түзүлгөн жаңы талаптарга ылайык жергиликтүү байкоочулардын тизмесин түзүп, өлкөнүн Саламаттык сактоо министрлигине расмий жөнөткөн.

Бирок министрлик фонддун жетекчиси Насиба Курганбековага акысыз коронавирус тести үчүн байкоочулардын толук маалыматы жетишсиз болгонун кабарлаган.

«Биз соцтармактарда байкоочулардын ПЧР тести үчүн каражат чогулттук. Нур-Султан шаарында 60ка жакын байкоочу бар. 8-январда алардын баары жеке менчик лабораторияда тест тапшырат. Күнүгө ушул шайлоо менен эле жашап калдык. Бизди шайлоого байкоочу катары киргизбегени адилеттүү эмес деп ойлойм», - деди Насиба Курганбекова.

Казакстандык байкоочуларга көрсөтүлгөн кысым муну менен гана чектелген жок. Актөбө облусунда 200дөй байкоочуга атайын билим берген уюм эки жумадан бери расмий каттоодон өтө албай келет. Көз каранды эмес байкоочу Амантай Тажикенов каттоого документтер ар түрдүү себептер менен кабыл алынбай жатканын айтты:

«Биз мекемеге барсак «мөөр керек» деп жөнөтүп жиберишти. Анан мен документтеримди Астанага жөнөттүм. Экинчи жолу документ тапшырсам «50 теңге карызы бар» деп кабыл албай коюшту. Эми үчүнчү жолу да жөнөттүк. Менимче мындай тоскоолдуктар шайлоодон улам болуп жатат».

Ал арада Казакстандын Алматы шаарынын башкы санитардык дарыгери 7-январда калаадагы кырдаал чыңалып турганын кабарлады. Башкы дарыгер Жандарбек Бекшин соңку алты күндө шаарда коронавирус 700дөн көп адамдан аныкталганын билдирди. Ал январь айында кырдаал мындан да жаман болушу мүмкүн экенин, коронавирус 4,5 миң адамдан аныкталышы ыктымал экенин эскертти.

Ал эми Казакстанда парламенттин төмөнкү палатасы - Мажилистин депутаттарын шайлоо 10-январга белгиленген. Мыйзамга ылайык, Мажилистин депутаттары партиялык тизме менен шайланат.

  • 16x9 Image

    Элвира Будайчиева

    "Азаттык" радиосунун Стамбулдагы кабарчысы. Кыргыз-түрк "Манас" университетин жана Стамбулдагы Йедитепе университетинин магистратурасын бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG