Президенттикке талапкер Клара Сооронкулованын Ош шаарында шайлоого байкоо жүргүзүп жаткан ишенимдүү өкүлү Гүлгаакы Мамасалиева добуш сатып алуу жана спортчулардын басымы тууралуу билдирди. Анын айтымында, Азамат Төлөнов аттуу жаран спортчу балдар менен жергиликтүү тургундарга кысым кылган.
«Мен шаардын чыгыш тарабында жайгашкан №5551 шайлоо участогунда добуш сатып алуу жөнүндө угуп келдим. Бул жерде машине менен келип акча таратып жатышкан экен. Тилекке каршы биз кеч келдик. Кайсы бир спорттун түрүндөгү федерацияны жетектеген Азамат Төлөнов өзүнүн достору, спортчулары менен жашоочуларга басым кылып жатыптыр. Кайсы талапкердин таламын талашып жатканын аныктай албадык. Биз келгенден кийин жоголуп кетишти», - деди ал.
Төлөновдун өзү менен байланышууга мүмкүнчүлүк болгон жок. Интернеттеги ачык булактар аркылуу ал Грепплинг федерациясынын Оштогу өкүлү экенин аныктай алдык. Андан сырткары 2020-жылы Ош шаардык кеңешине депутаттыкка «Биримдик» партиясынан №2 болуп талапкерлигин көрсөткөн.
10-январда Кыргызстанда президенттик шайлоо өтүп жатат. Ага 17 талапкер катышууда. Шайлоо менен бир учурда өтүп жаткан мамлекеттик башкаруунун формасын аныктоо боюнча референдумга үч вариант сунушталды. Алар:
- президенттик;
- парламенттик;
- баарына каршы. (MrA/DU)