Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:51

БШК: Саат 14:00ге карата шайлоочулардын 18,5% добуш берди


Бишкектеги добуш берүү. 10-январь, 2021-жыл.
Бишкектеги добуш берүү. 10-январь, 2021-жыл.

Саат 14:00гө карата добуш берүүгө шайлоочулардын 18,56% (661 501адам) катышты. Ал эми башкаруу формасын аныктачу референдумга добуш бергендер 18,55% (661 152 адам) түздү.

Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) маалыматына караганда, добуш берүүнүн көрсөткүчү Ош шаарында 23,35% , Ысык-Көлдө 21,86% ашты. Нарын облусунда 20,42%, Баткен облусунда 19,77%, Жалал-Абадда 19%, Ош облусунда 18,59%, Талас облусунда 17,52%, Бишкекте 17,5% жана Чүй облусунда 15,9% тегерегинде шайлоочулар добуш берди.

Чет өлкөлөрдө да добушканалар иштеп жатат. Саат 14:00де Британиянын борбору Лондондогу элчиликке жайгашкан шайлоо тилкеси ишке кирди. Азырынча бир гана добуш берүү участогу - АКШнын баш калаасы Вашингтондогу элчиликтен орун алган добушкана ишин баштай элек.

Бүгүн, 10-январда Кыргызстанда кезексиз президенттик шайлоо жана мамлекетти башкаруунун формасын тандоо боюнча референдум өтүп жатат. Өлкөдө 2438, чет мамлекеттерде 48 добуш берүү тилкеси ачылган.

Добушканалар эртең менен саат 8:00дө ачылган, кечки саат сегизде добуш берүү токтотулат.

БШКнын маалыматына ылайык, президенттик шайлоодо жана референдумда 3 563 574 шайлоочу добуш берүү укугуна ээ. (ZKo)

XS
SM
MD
LG