Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:23

Шайлдабекова: шайлоо тилкелеринде сүрөт, видео тартууга тыюу салынбайт


Ош шаарындагы шайлоо тилкелерине илинген эскертүү.
Ош шаарындагы шайлоо тилкелерине илинген эскертүү.

Шайлоо тилкелеринде журналисттерге видео жана сүрөт тартууга тыюу салынбайт. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) төрайымы Нуржан Шайлдабекова «Азаттыктын» кабарчысынын суроосуна жооп берип жатып айтты.

«Бирок фото жана видео тартуу добуш берүүнүн купуялыгына зыян келтирбеши керек жана шайлоочуларга добуш берүүгө катышууга тоскоолдук жаратпашы керек», - деди Шайлдабекова.

Анын алдында Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Замир Сыдыков журналисттер добуш берүү участокторундагы комиссия төрагасынын уруксаты менен гана сүрөт жана видео тарта аларын билдирип, бул эреже «Кыргыз Республикасынын президентин жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө» конституциялык мыйзамдын 11-беренесинде жазылганын айтып, эреже бузгандарга чара көрүлөрүн билдирген.

Ош милициясынын өкүлү айткан конституциялык мыйзамдын 11-беренесинин 4-бөлүгүнө ылайык, журналист «шайлоо комиссиясынын төрагасы аныктаган жерден фото жана видео тартууга» акылуу.

Бүгүн, 10-январда Кыргызстанда президенттик кезексиз шайлоо жана мамлекеттик башкаруу формасын аныктоо боюнча референдум өтүп жатат.

Референдумга:

- президенттик;
- парламенттик;
- баарына каршы варианттары коюлган.

Президенттик кызмат үчүн 17 талапкер ат салышууда. (SE\BTo)

XS
SM
MD
LG