Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Февраль, 2021 бейшемби, Бишкек убактысы 22:45

Оштогу каракчылык үчүн өзбекстандык төрт жаран шек саналууда


Иллюстрациялык сүрөт.

Ош шаарында телефон саткан дүкөндү тоногон деген шек менен Өзбекстандын төрт жараны кармалып, милициянын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Бул тууралуу шаардык ички иштер башкармалыгы кабарлады.

Маалыматта кармалгандар 8-январь күнү дүкөндөн жалпы суммасы 500 миң сомдук чөнтөк телефонду карактап кеткени айтылат.

«Аларга тинтүү жүргүзгөндө дүкөнгө тиешелүү телефондор, андан сырткары бүктөмө бычак, ПМ үлгүсүндөгү номуру өчүрүлгөн тапанча табылды», - деди Ош шаардык милициянын басма сөз катчысы Абсаттар Тавакалов.

Факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин 202-беренеси («Каракчылык») менен катталып, тергөө иштери жүрүп жатат. Кармалган тараптын өкүлдөрү маалымат бере элек. (DU)

Пикирлерди көрүңүз (1)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG