Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:31

ЖОЖдордун окуу акысы төмөндөтүлбөйт


Бишкек гуманитардык университети. Иллюстрациялык сүрөт.
Бишкек гуманитардык университети. Иллюстрациялык сүрөт.

Жогорку окуу жайларында (ЖОЖ) окуу акысын азайтуу тууралуу ата-энелердин, студенттердин өтүнүчү канааттандырылбай турган болду. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин, Бишкектеги бир катар ЖОЖдордун жетекчилери бүгүн, 13-январда басма сөз жыйынында билдиришти.

Алардын айтымында, учурда ЖОЖдор негизинен окуу акысына төлөнгөн каражат менен каржыланат. Министрликтин бюджеттик саясат жана финансы башкармалыгынын башчысы Акыйкат Муратованын айтымында, төлөнгөн акчанын 76% окутуучулардын айлык акысын төлөөгө жумшалат. Калганы окуу жайларынын имараттарын, инфратүзүмүн өнүктүрүүгө, коммуналдык тейлөө үчүн төлөнөт.

«Электр энергиясы, жылуулук жана башка коммуналдык тейлөөлөр үчүн төлөп жатабыз. Окууга сарпталуучу чыгашалар бар, кагаздар кетет. ЖОЖдор иштебей жатат деп жаап коё албайбыз», - деди Баймуратова.

Билим берүү министринин орун басары Нурлан Өмүров аралыктан окутуу учурунда тескерисинче ЖОЖдор санитардык-эпидемиологиялык нормаларды сактоо үчүн чыгашаларга дуушар болгонун билдирди. Анын сөзүнө караганда, окуу жайлары студенттерге окуу акысын төлөө мөөнөтүн узартып берүүгө макул болушкан.

Министрликтин маалыматына караганда, учурда жогорку окуу жайларында окуу акысы орточо 28 500 сомду түзөт.

Буга чейин бир катар окуу жайларынын студенттери жана алардын ата-энелери аралыктан окутуу учурунда окуу акысын азайтууну талап кылышкан.

Коронавирус пандемиясына байланыштуу Кыргызстанда 2019-2020-окуу жылы март айынан тартып онлайн форматка өткөрүлүп, аяктаган. Быйыл окуу онлайн уланган. Азырынча окуу жайларында салттуу түрдө окутуу маселеси чечиле элек экени кабарланган. (ZKo)

XS
SM
MD
LG