Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 18:13

Германия "Түндүк агым-2" долбоорунун курулушун улантууга уруксат берди


Германиянын Гидрография жана кеме куруу федералдык кызматы Орусиянын “Түндүк агым-2” газ куурун курууга уруксатты май айынын аягына чейин узартты. Ага ылайык, газ куурун куруп жаткан компания ишке дароо киришсе болот.

Буга чейин "Bloomberg" басылмасы АКШнын Орусияга санкция салганына карабай орусиялык компания газ куурунун бир бутагын июнь айына чейин курууга ниеттенип жатканын жазган.

“Түндүк агым-2” газ кууру менен орус газын Украинанын аймагына кирбей туруп, Балтика деңизинин түбү аркылуу Германияга жеткирүү каралган. Бул долбоор аркылуу Орусия энергоресурстарын Украинанын аймагы аркылуу экспорт кылуу көз карандылыгын азайткысы келип жатат. Европанын бир катар өлкөлөрү жана АКШ “Түндүк агым-2” ишке кирсе, Москванын Украинага карата басымы күчөйт деп сындап келет.

Балтика деңизинин түбүнө жаткырылчу куурдун курулушу АКШнын санкцияларынан улам 2019-жылдын аягында токтоп калган.

«Кара тизмеге» түтүктөрдү жаткырган кемелер киргизилген. Ошондон кийин курулуш иштери менен алектенген швейцариялык компания ишин токтоткон. «Газпром» компаниясы 94% бүтүп калган долбоорду Орусия өзү аягына чыгара турганын айтып келген болчу.

Германиянын сууларында дагы 16 километр, Дания аймагында 60 километр курулууга тийиш. Сөз болгон долбоорго салынган санкциялар Вашингтон менен Берлиндин мамилесине көлөкө түшүрүп келет.

XS
SM
MD
LG