Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:42

Прокуратура Навальный келе турган күнү аэропортто массалык иш-чара уюштурбоого чакырды


Москва прокуратурасы Внуково аэропортунда 17-январда массалык иш-чараларды уюштуруу мыйзамсыз экенин эскертти. Ал күнү аталган аэропортко оппозиционер саясатчы Алексей Навальный Германиядан учуп келери пландалган. Тарапташтары аны тосуп алуу иш-чарасын уюштуруп жатканы, эки миңдей киши катышары кабарланган. Ошондой эле Навальныйга каршылар деле аэропортко барат деген маалыматтар бар.

Прокуратура 17-январда аэропортто массалык иш-чара уюштурбоого чакырды, бирок кеп кайсыл иш-чара тууралуу экени айтылган жок.

2020-жылдын августунан бери Берлинде дарыланып жүргөн Алексей Навальный Инстаграмдагы баракчасында видеокайрылуу жасап, 17-январда Москвага «Победа» учагы менен кайтып келерин билдирген.

Ошол кезде Орусияда Навальныйга карата жаңы кылмыш иштери ачылды. 29-декабрда Тергөө комитети саясатчыга өзгөчө ири суммада көз боёмочулук кылган деген шек менен кылмыш ишин козгогон.

44 жаштагы Алексей Навальный Кремлдин башкы сынчысы. Ал өзү жетектеген Коррупцияга каршы аракеттенүү фонду менен бирге Путиндин айланасындагы аткаминерлердин коррупциялык иштерин, мыйзамсыз жыйган байлыктарын ашкере кылып келет.

XS
SM
MD
LG