Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Сентябрь, 2021 бейшемби, Бишкек убактысы 21:24

Өзбекстандын өкмөтү калктын саны 34,5 миллиондон ашканын жарыялады


Өзбекстандын туңгуч президенти Ислам Каримовдун Самарканд шаарындагы айкелинин жанындагы жаштар.

Өзбекстандын өкмөтү мамлекетте калктын саны 34,5 миллиондон ашканын жарыялады. Расмий эсеп 2021-жылдын 1-январына карата чыгарылганын өлкөнүн статистика комитети билдирди.

Расмий кабарга ылайык, элдин саны бир жыл мурдагыдан 653 миң кишиге көбөйдү. Башкача айтканда, ай сайын 54 миңден кошулган.

Өзбекстан Борбор Азиядагы калкы эң жыш жайгашкан мамлекет болуп саналат. Кыргызстандын түштүк аймагы менен чектеш.

Пикирлерди көрүңүз (4)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG