Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 10:58

Милиция мыйзамсыз сакталган куралдарды өз ыктыяры менен тапшырууга чакырды


Балыкчы шаарынын аймагынан табылган курал-жарак. Архив.
Балыкчы шаарынын аймагынан табылган курал-жарак. Архив.

Ички иштер министрлиги (ИИМ) жарандарды таап алган же мыйзамсыз сакталган курал-жаракты, ок-дарыны, жардыргыч заттарды өз ыктыяры менен тапшырууга чакырып, мындай талапты аткаргандар кылмыш жоопкерчилигинен бошотуларын белгилейт. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы маалымдады.

Өкмөттүн токтомуна ылайык, өз ыктыяры менен курал тапшырган жарандарга куралдын түрүнө жараша​ 1600 сомдон 16 000 сомго чейин кенемте каралган. Ошондой эле милиция куралды мыйзамдаштырып алууга боло турганын эскертет. Бул үчүн тийиштүү документтерди чогултуп, баллистикалык жана башка экспертизалардын жыйынтыгын тапшырыш керек.

2020-жылы ички иштер органдары мыйзамсыз сакталган 125 ок атуучу куралды жана 28 ок-дарыны тапкан. Ал эми 92 курал-жаракты жана тогуз окту жарандар өз ыктыяры менен тапшырышкан. (TSh)

XS
SM
MD
LG