Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:56

«Газпром» «Түндүк агым - 2» долбооруна байланыштуу кооптуу жагдайлар тууралуу эскертти


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Орусиялык «Газпром» компаниясы орус газын Германияга жеткирчү «Түндүк агым - 2» долбоору токтошу мүмкүн экенин инвесторлорго эскертти. Билдирүүдө буга «саясий кысым» негиз болуп жатканы белгиленген.

Билдирүүдө «Түндүк агым - 2» сыяктуу ири эл аралык долбоорлорду ишке ашырууда ар кыл аймактардагы саясий кырдаалдын өзгөрүшүнө байланыштуу кооптуу жагдайлар бар экени белгилүү болгону эске салынган. «Биз аларга кабылганбыз жана мындан ары да боло берет», деп айтылат мекеменин маалыматында.

Ошондой эле орусиялык ири компания долбоор токтотулса инвестициялардын наркы түшүп, өнөктөштөр талап кыла турган компенсациялык төлөмдөргө жана чыгашаларга байланыштуу оор каржылык абалга кабыларын баса белгиледи.

Долбоор бери дегенде 11 миллиард долларга бааланган.

Бир күн мурда Вашингтондо кызматын тапшырып жаткан Дональд Трамптын администрациясы Берлинге Балтика деңизинде газ түтүктөрүн куруп жаткан Орусиянын «Фортуна» кемесине каршы санкциялар 19-январдан тартып күчүнө кирерин кабарлаган. Анда «Түндүк агым - 2» долбооруна көмөк көрсөткөн бардык европалык компаниялар «кара тизмеге» киргизиле тургандыгы эскертилген. Бул орусиялык долбоорго караманча каршы турган Жо Байдендин президенттикке келиши менен Москвага карата мындан катаал кадамдар жасалышы күтүлүүдө.

XS
SM
MD
LG