Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:31

Новиков бажы тармагын жакшыртуу боюнча тапшырмалар аткарылбаганын сынга алды


Артем Новиков.
Артем Новиков.

Премьер-министрдин милдетин аткарып жаткан биринчи вице-премьер Артем Новиков 20-январда бажыдагы инфратүзүмдү жакшыртуу боюнча кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, жыйында Новиков Кыргызстанга Кытайдан келген товарлардын көлөмүн көбөйтүү үчүн берилген тапшырмалар өз убагында аткарылбай калганын сынга алды:

«Бажы тармагындагы тиешелүү инфратүзүмдүн курулушу кечигип жатканы үчүн өзүбүздү актай албайбыз. Бир жарым ай мурда, жүк ташуунун азайып кетишинин себептерин карап чыкканыбызда, инфратүзүмдү өнүктүрүү, дезинфекциялык тосмолорду куруу, товарларды кран менен жүктөө үчүн аянтча түзүү, товарлардын толук эсебин алуу механизмин иштеп чыгуу, анын ичинде бажы-логистикалык аймактарды, аэропортторду өнүктүрүү боюнча тапшырмалар берилген».

Жыйында Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы Кадыржан Семетеев тармактын инфратүзүмүн өнүктүрүү планы даярдалганын айтты. Бажы-логистикалык инфратүзүмдү өнүктүрүү боюнча келишим бекитүү баскычына келгенин, жакын арада атайын долбоорлор ишке киризилерин кошумчалады.

Новиков Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасына биринчи этапта «Эркечтам» бекетинен өтө турган жүк ташуучу автоунаалардын санын 30га, «Торугарттыкын» 15ке чейин көбөйтүш үчүн Кытай менен сүйлөшүүнү тездетүүнү тапшырды. Ал 2021-23-жылдарга карата бажы тармагын өнүктүрүү боюнча план иштеп чыгууну сунуш кылды.

Артем Новиков былтыр ноябрь айында өлкөдөгү көзөмөл-өткөрүү пункттарын кыдырган. Андагы «Бирдиктүү пост» системасынын пилоттук долбоору иштебей турганын катуу сындап, жооптуу кызматкерлердин кыйласын кызматтан алган. Айрымдары кызматынан төмөндөтүлгөн. (NT)

XS
SM
MD
LG