Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:24

Президенттик аппарат Манас жана Ч.Айтматов көчөлөрүнүн жабылышынын себебин түшүндүрдү


Садыр Жапаров, шайланган президент.
Садыр Жапаров, шайланган президент.

Кыргызстандын Президентинин аппараттын басма сөз катчысы Нургазы Анаркулов Бишкектин Манас жана Ч.Айтматов көчөлөрү шайланган президент Садыр Жапаровдун инаугурациясына камынууга байланыштуу жабылганын «Азаттыкка» билдирди.

Бүгүн, 21-январда түштөн кийин Манас жана Ч.Айтматов көчөлөрүнүн «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясынан Чүй көчөсүнө чейинки бөлүгү жарым сааттай жабылды. Бул иш-аракет шаардын борбордук автожолдорунда тыгындарды пайда кылды. Жолдун күтүүсүз жабылышы айдоочуларды жана жүргүнчүлөрдү нааразы кылды.

Кийинчерээк социалдык тармактардын колдонуучулары «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясы тараптан Чүй көчөсүн көздөй келе жаткан кортеждин видеолорун жарыялашты.

Президенттик аппарат жана Бишкектин Жол көзөмөл милиция башкармалыгы бүгүн баштапкы даярдык иш-чарасы болгонун, инаугурацияга эки-үч күн калганда дагы бир жолу даярдык аракеттери болорун маалымдады.

Камылганын экинчи баскычында жолдун жабыла тургандыгы шаардыктарга жана шаардын конокторуна алдын-ала эскертилээри айтылды.

10-январдагы президенттик шайлоодо жеңишке жеткен Садыр Жапаровдун инаугурациясы 28-январда Бишкекте Токтогул Сатылганов атындагы улуттук филармонияда өтөт. Ал Чүй жана Манас көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан. ("Манас" көчөсүнүн түштүк бөлүгү жакынкы жылдардан бери Ч.Айтматов көчөсү деп аталып калган). (NT)

XS
SM
MD
LG