Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:40

ИИМ: Жол кырсыктарынын 88% ашыгына айдоочулар күнөөлүү


ИИМдин жол кыймыл коопсуздугун камсыздоо кызматкери. Иллюстрациялык сүрөт.
ИИМдин жол кыймыл коопсуздугун камсыздоо кызматкери. Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда 2020-жыл ичинде катталган жол кырсыктарынын 88,3% айдоочулардын күнөөсүнөн болгон. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин Жол кыймыл коопсуздугун көзөмөлдөө башкармалыгы 22-январда билдирди.

Маалыматка караганда, жол кырсыктарына негизинен айдоочулардын машинени катуу ылдамдыкта айдаганы, туура эмес маневр жасаганы, каршы тилкелерге өтүп кеткени, мас абалында рулга отурганы себеп болгон.

Жалпысынан былтыркы жылдын 12 айында республиканын аймагында 6126 жол кырсыгы катталды, бул көрсөткүч өткөн жылга салыштырмалуу 8,% аз.

Мекеменин билдирүүсүнө караганда, кырсыктан каза болгондордун саны 0,7%, жараат алгандар 10,5% кыскарган.

Өткөн жылы балдардын катышуусунда 1245 жол кырсыгы болуп, мурдагы жылга салыштырмалуу 24,7%, жаракат алган балдар 26,2% азайган.

Мекеме балдардын катышуусундагы кырсыктардын азайышын коронавирус пандемиясынан улам алардын онлайн режимде окуганы менен байланыштырды. Ошол эле кезде жол кырсыгына кабылган балдардын 41,9% машине сүзүп кеткени айтылды.

Кыргызстан - киши өмүрүн алган жол кырсыктары көп катталган мамлекеттердин бири. Расмий эсеп боюнча ушул тапта өлкөдө 1 млн. 348 780 автотранспорт бар.

XS
SM
MD
LG