Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:12

Косовонун шайлоо комиссиясы үч партиянын тизмесин бекитүүдөн баш тартууда


Албин Курти.
Албин Курти.

Косоводо оппозициянын башкы лидеринин парламенттик шайлоого катышуусу арсар болууда. Шайлоо мекемеси 14-февралда өтө турган парламенттик шайлоого катышууга белсенип жаткан саясий партиялардын арасынан үчөөнүн тизмесин бекитпей койгону мурдагы өкмөт башчы Албин Куртинин кайрадан бул кызматка кайтуусуна бөгөт болушу ыктымал.

Курти 22-январда Соттор кеңеши текшерип, миңден ашуун адамдын арасынан “мурда кылмыш жообуна тартылган” деген негизде өткөрбөй койгон 47 талапкердин бири. Үч жыл мурда ал парламенттин ичинде көздөн жаш агызуучу газ колдонгону үчүн шарттуу түрдө соттолгон.

Өлкөнүн Борбордук шайлоо комиссиясы маселенин мыйзамдык жагын текшерип берүүнү өтүнүп Соттор кеңешине кайрылган.

Шайлоо комиссиясынын элегинен өтпөй калган партиялар апелляциялык арыз менен Жогорку сотко кайрыларын билдиришти.

45 жаштагы Курти Косовонун премьер-министри болуп 2020-жылдын 3-февралынан 3-июнуна чейин иштеген. (RK)

XS
SM
MD
LG