Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:58

Трампка импичмент жарыялоо боюнча сунуш Сенатка жөнөтүлөт


Дональд Трамп.
Дональд Трамп.

АКШ Конгрессинин Өкүлдөр үйү мурдагы президент Доналд Трампка карата импичменттин беренелерин Сенатка бүгүн (25-январда) жөнөтөт. Мурдагы президентке ушул жылдын 6-январында тарапташтарын Капитолийге чабуул коюуга шыкактаган деген айып коюлууда. 13-январда демократтар көзөмөл кылган Өкүлдөр үйүнүн көпчүлүк мүчөлөрү Трамптын импичментке кабылышын жактап добуш беришкен. Эми Сенатта бул маселе өтүш үчүн Республикалык партиянын кеминде 17 мүчөсү демократтардын бул сунушун колдошу керек.

Доналд Трамп АКШнын тарыхында өзүнө каршы эки ирет импичмент жарыялоо боюнча демилге көтөрүлгөн алгачкы президент болуп калат. Эгер бул жолу Сенат импичмент боюнча демилгени колдосо, Трамп мындан ары шайлоого катышуу мүмкүнчүлүгүнөн жана башка айрым укуктарынан ажырайт.

Сенаттагы бул маселе боюнча талкуу 8-февралдан кийин башталат. Бул иште айыптоочу болуп жаткан конгрессмендерге жана Трамптын адвокаттарына даярданууга убакыт бериш үчүн кыскача тыныгуу берилди.

Доналд Трамптын президенттик мөөнөтү 20-январда бүттү. 6-январда Конгресстин имараты – Капитолийге Трамптын тарапташтары полицияны жиреп мыйзамсыз кирип кетип, АКШ Конгрессинин кош палатасынын орток отурумун бир нече саатка үзгүлтүккө учуратышкан. Кагылышууда беш киши мерт болгон. Демократ конгрессмендер Трампты 6-январда бул тополоңду козуткан шыкакчы сөз айткан деп айыптап келишет. Ал өзү бул доону четке каккан.

XS
SM
MD
LG