Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:00

АКШнын Өкүлдөр Палатасы Трампка импичмент жарыялоо тууралуу беренени Сенатка 25-январда жөнөтөт


Капитолий. Вашингтон, АКШ.
Капитолий. Вашингтон, АКШ.

АКШ Сенаты мурдагы президент Дональд Трампка импичмент жарыялоо маселеси боюнча сот жүрүмү 8-февралдан тартып башталмакчы.

Бул тууралуу АКШ Сенатынын көпчүлүгүнүн лидери Чак Шумер 22-январда жарыя кылды. Ал жума күнү саал мурдараак республикачы сенаторлор менен бул мөөнөттү такташкан.

Сенатор Чак Шумер Вашингтондогу басма сөз жыйынында. 2018-жылдын 7-ноябры.
Сенатор Чак Шумер Вашингтондогу басма сөз жыйынында. 2018-жылдын 7-ноябры.

Шумер мырза 22-январдагы сөзүндө иш жадыбалын мындайча ачыктап айтты: «Америка Кошмо Штаттарынын Сенатында сот жүрүмү өтмөкчү жана (мурдагы) президентти соттосо болобу, жокпу, ушул маселе добушка коюлат».

АКШ Конгрессинин Өкүлдөр Палатасынын спикери Нэнси Пелоси айым мурдагы президент Дональд Трампка импичмент жарыялоо тууралуу беренени АКШ Сенатына 25-январда жөнөтмөкчү.

Бул кадам – 6-январдагы Капитолийге Трамптын тарапташтары зомбулук менен кирип баргандыгына байланыштуу мурдагы президентке «козголоңго шыкакчы болду» деп тагылган айыптын негизинде сот жүрүмүн баштайт.

Трамп мырза АКШ тарыхында эки жолу импичмент сотуна кабылган алгачкы мамлекет башчы болуп калмакчы. Ал, ошондой эле, мөөнөтү бүткөн соң импичмент сотуна кабылган алгачкы президент да болот.

Трамп 20-январда кызмат мөөнөтү бүткөн соң, өз ордуна шайланган президент Жо Байден менен эч көрүшпөстөн жана анын кызматка киришүү аземине катышпастан туруп Вашингтондон Флорида штатына учуп кетти.

6-январда Конгресстин имараты – Капитолийге Трамптын тарапташтары полицияны жиреп мыйзамсыз кирип кетип, АКШ Конгрессинин кош палатасынын орток отурумун бир нече саатка үзгүлтүккө учуратышкан. Кагылышууда беш киши мерт болгон.

Президент Д.Трамптын тарапташтары Капитолийди карай жүткүнүп, полиция менен тирешүүдө. Вашингтон. 2021-жылдын 6-январы.
Президент Д.Трамптын тарапташтары Капитолийди карай жүткүнүп, полиция менен тирешүүдө. Вашингтон. 2021-жылдын 6-январы.

Бул тополоңдон саал мурдараак Ак үйдүн жанындагы жыйында тарапташтарынын алдында чыгып сүйлөп, Трамп «3-ноябрдагы шайлоо жыйынтыгы бурмаланып калды» деген жүйөсүз дооматтарын улам кайталап айткан. Аны сындагандар дал ушул сөз тополоңго үндөгөн чакырык ролун аткарды деп эсептешет. Ал мындай доолорду четке какты.

Трамптын өзүнүн «добуш бурмалоо болду» деген доолору АКШ сот бийлиги тарабынан негизсиз катары четке кагылган.

Эми 25-февралда Өкүлдөр Палатасынан Сенатка импичмпент жаатындагы берене тапшырылган соң, Сенатта 8-февралдан тартып сот жүрүмү башталат.

Өкүлдөр Палатаксындагы демократтар бул сот жүрүмү дароо эле кийинки аптада башталышын каалашкан, бирок республикачылар сот жүрүмүн баштоону февралга чейин создуктуруп, Трампка сотко даярданып алыш үчүн убакыт берүүнү сунуш кылышкан. (TT)

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG